БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндө келиндин өлүмүнө шектелип кошунасы кармалды

Өзгөндө келиндин өлүмүнө шектелип кошунасы кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облусунун Өзгөн районунда төрт балалуу 28 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып, 24 жаштагы кошунасы кармалды. Шектүү учурда милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу “Т-Медиага” Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 2024-жылдын 4-октябрында болгон. 

"Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу чыгышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган".

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей