БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндө курулушу бүтө элек имарат кайра буздурулду

Өзгөндө курулушу бүтө элек имарат кайра буздурулду

Видеодон скриншот

Өзгөн районунда жаңы курулуп жаткан мектептин дубалынын бир бөлүгү кайра буздурулду. Мектептин курулушун кимдер жасаган жана ага канча акча сарпталды эле? "Т-Медиа" редакциясы тактап көрдү. 

Имараттын буздурулуп жатканы тартылган видео 2-июлда "Фейсбукка" жүктөлгөн. Анда жаңы мектеп Өзгөн районунун Жылалды айылына курулуп жатканы жазылган. Автор пайдубалга колдонулган арматуралар, зымдар ичке экенин белгилеген.

Мектептин курулушуна 117 млн сом жумшалган

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылына 275 орундуу мектеп 2022-жылы курулуп баштаган. Ал жылы котлован казылып, бир жылдан кийин бетону куюлган. Ал эми дубалын быйыл уруп башташкан. Учурда биринчи кабаты бүттү. Бирок июль айынын башында мамлекеттик курулуш мекемеси дубалдын бир бөлүгүн кайра көчүрүп кеткен. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы компания кирпич тургузууда курулуш нормаларын бузган дейт.

"Ал жерде кирпич куюу иштеринде эреже бузуу болгон. Ошонун негизинде лабораториянын жыйынтыктарын алып, корутундусу "талаптагыдай эмес" деп чыкканынан "ошол нормада курулушу керек" деп бузулган"- дейт Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шайырбек Жылдызбек уулу.

Мектепти куруп жаткан компания тууралуу эмне белгилүү?

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, Жылалды айылына жаңы окуу корпусту курууга 2022-жылдын июнунда тендер жарыяланган. Ага 147 млн 158 миң сом сунушталган. Жыйынтыгында 117 млн сом сунуштаган "КубАй" компаниясы жеңип чыккан

Курулуш компаниясы Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан. 2009-жылдын 7-августунда катталып, ага Алиев Кубанычбек Салаидинович ээлик кылат. 

"Ачык бюджет" маалымат базасы компания соңку бир жылдан бери активдүү иштегенинин көрсөтүп турат. 2023-жылы мамлекеттик бюджетке 5, 5 млн сом салык төлөгөн. 

Ал эми 2024-жылдын жети айында эле 4,5 млн сом салык төккөн. 

"КубАй" курулуш компаниясы мындан башка да ири тендерлерди утуп келет. Быйыл апрелде Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чорголу айылына 100 орунду мектеп куруу үчүн жарыяланган 47 млн сомдук тендерди уткан. Конкурска компания жалгыз катышкан. 

Эми кайра Жылалдыдагы мектепке келсек. Кубанычбек Алиев имараттын болжолдуу 18 куб кирпичи бузулуп, кайра курулаарын белгиледи. 

"Бул жерде куруу методикасынан да норма бузулган деп жыйынтык чыгарып жатышат да. Себеби, алар аралашманы жайып койгон да. Андайда кургап кетет экен да. Кургап кеткенден кийин катмары аз болуп калат экен да. Протокол чыкса, канча жер жарабаса аны бузуп, кайрадан Кыргызстандык технологиясы менен курабыз" - дейт "КубАй" ЖЧКсынын жетекчиси Асылбек Алиев. 

Ишкер мындан сырткары 2020-жылы Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылына спорт зал курган. Ага жергиликтүү бийлик 2 млн сом бөлгөнү тууралуу YouTube каналдарда айтылган. Машыгуу залына Кубанычбек Алиевдин атасы Алиев Салаидиндин ысымы ыйгарылган.

 

Жыйынтык: Өзгөндүн Жылалды айылындагы мектепти курууга 177 млн сом сарпталууда. Бирок бүтө элек жатып дубалынын бир бөлүгү сапатсыз экени аныкталды. Тендерден уткан компания Чүйдө да жаңы мектептин имаратын бүтүрүп жатат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей