БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Өзгөндө мектепте отказан жарылып, бир адам жабыркады

Өзгөндө мектепте отказан жарылып, бир адам жабыркады

Видеодон скриншот

Оштун Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагындагы мектептердин биринде отказан жарылып, 35 жаштагы жаран жабыркады. Бул тууралуу 21-ноябрда облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. 

Окуя 20-ноябрда №20 Абдылда Калмурзаев атындагы орто мектепте болгон. Кырсык болгон учурда от жагуучу болуп эмгектенген 35 жаштагы жаран бетондун астында калып калган. Милиция кызматкерлери жабырлануучуну бетондун астынан алып чыгып, аман сактап калышкан. 

"Учурда жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми жарылуунун себебин аныктоо боюнча тийиштүү кызматтар тарабынан иш аракеттер көрүлүүдө", -деп жазылат маалыматта. 

Бейтаптын абалы боюнча райондук ооруканадан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала