БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөн: Салык кызматынын бөлүм башчысы пара алууга шектелүүдө

Өзгөн: Салык кызматынын бөлүм башчысы пара алууга шектелүүдө

Сүрөт: ИИМ

Ички иштер министрлиги Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы 200 миң сом пара алып жаткен жеринен кармалганын кабарлады.

Министрликтин басма сөз кызматы 21-декабрда билдиргендей, кызматкер 20-декабрда кармалган. Ал салык текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан акча талап кылган деп шектелүүдө. 

"Тинтүү иштеринин жүрүшүндө күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акчалар табылган. Ага "Опузалап пара алуу" боюнча кылмыш иши козголду", -дейт министрлик. 

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей