БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндө соттун чарба бөлүмүнүн кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды

Өзгөндө соттун чарба бөлүмүнүн кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

Өзгөндө райондук соттун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери акча талап кылып, ортомчулукка барган деп шектелип жатат. Ал алдамчылык беренеси менен 24-апрелде кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, ал мүлктүк талашты оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жарандан 2 миң доллар талап кылган. УКМК сот кызматкеринин автоунаасын жана үйүн тинтүү учурунда арыз ээси берген 150 миң сом акчаны тапкан. Тергөөдө ал "ортомчулук" кызматты көрсөткөнү такталган.

Атайын кызмат соттун чечимине таасир этүүнү убадалап, ортомчулук кылгандарга кайрылбоону өтүнүп жатат.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей