БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Өзгөндө жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

УКМК: Өзгөндө жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

УКМК тараткан сүрөт

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, аймактагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары жана райондук архитектуранын мурдагы башчысы кармалды. УКМКнын маалыматы боюнча, алар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. 

Атайын кызмат билдиришинче өкмөттүн 2020-жылдагы №542 токтому менен ошол убакта бекитилген башкы пландын негизинде Дөң-Булак айыл аймагынын Өзгөрүш айылында жайгашкан 82 жер тилкеси Өзгөн районунун аймагына өзгөртүлгөн. Бирок кийинчерээк аталган айыл аймагынын айрым кызмат адамдары, Өзгөн архитектура бөлүмү жана «Кадастр» мамлекеттик мекемеси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкы пландарды бурмалаган. Алар жер тилкелерин кеңейтип, андан соң тургундарга жеке турак-жай куруу үчүн берилген. Тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында 31 миллион сом зыян аныкталган. 

"Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын менчик жер тилкелери жана кыймылсыз мүлкү бар экени, алардын баасы алардын мамлекеттик кызматтагы иш жүзүндөгү расмий кирешесинен кыйла жогору болгону аныкталды. Бул факт боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди", -деп маалымдады УКМК. 

Кармалгандардын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей