БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Өзгөндөгү айланма жол ачылды
Оштогу Өзгөн районундагы акы төлөнүүчү жол бүгүн, 6-декбарда расмий ачылды. Ага президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.
Бул айланма жол Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болуп, узундугу 14 чакырым туурасы 22 метрди түзөт. Андан өткөн жеңил унаалар жана мотоциклдер - 200 сом, кичи/чакан жүк ташуучу унаалар жана автобустар - 350 сом, жүк ташуучу унаала - 700 сом төлөйт.
Жолдун курулушу кыш мезгилинде башталган. Улуттук инвестициялык агенттик долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизиминин алкагында ишке ашырыларын, жолду бүтүрүүгө 2 миллиард 600 миллион сомдон ашыгыраак сарпталары пландалып жатканын билдирген. Өкмөт жолду салган копманияга 49 жылга ижарага берген.
1-октябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун ютуб-каналына "Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?" деген иликтөө чыккан. Материалда айланма жолду салып жаткан "Тез Жол" компаниясынын негиздөөчүлөрдүн бири Тай-Мурас Ташиев экени айтылган.
Президент Садыр Жапаров 2-октябрда "Кабар" агенттигине маек берип, Өзгөндөгү айланма жолду курууга Таймурас Ташиев инвестор тапканын, ага ыраазы болуу керектигин айткан.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat