БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндөгү орто кылымдарга таандык курулуштар. Сүрөт баян

Өзгөндөгү орто кылымдарга таандык курулуштар. Сүрөт баян

Сүрөт: "Т-Медиа"

Өзгөн архитектуралык комплекси Ош шаарынан 54 чакырым алыстыкта жайгашкан. Окумуштуулар аталган жерди 11-12-кылымдарга таандык экенин айтышат. Комплекс мунарадан жана үч күмбөздөн турат.

Өзгөн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, азыркы учурда 27,5 метрди түзөт. Мунара деген сөз араб тилинде "Жарык берүүчү", "Маяк" дегенди түшүндүрөт. Анын жанында мечит жана медресе жайгашкандыктан азан чакыруучу жана алысты өйдөдөн күзөтүүчү жай катары да пайдаланылган.

Ортоңку күмбөз 11-кылымдын башында курулуп, ал жерге Караханид мамлекетинин негиздөөчүсүнүн сөөгү коюлган. 

Ал эми 1153-жылы курулган түндүк күмбөзгө Насыр-ибн Алинин чебереси, карахандардын ханы Тогрул Хусейин Хасандын сөөгү коюлган. Маалыматтарга караганда, 1974-жылы Ленинграддан келген археологдор күмбөздү казып, 60ка чукул сөөк табышкан.

Археологиялык изилдөөлүрдүн натыйжасында комплекстен орто кылымдарга таандык курулуштардын пайдубалдарынын калдыктары да табылган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей