БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндүн мэри 9-декабрга чейин абакта калтырылды

Өзгөндүн мэри 9-декабрга чейин абакта калтырылды

Сүрөт: УКМК

Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровду 9-декабрга чейин камакта калтырды. Анын баш коргоо чарасы 14-ноябрда каралганын "Т-Медиага" шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

 

Соттун маалыматына караганда,  Моңголдоров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагында кармалат.

Атайын кызмат Өзгөн шаарынын мэри маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалганын 15-ноябрда маалымдаган. Ал жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген деп айыпталууда. 

Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарынын мэри болуп 2022-жылдын май айында дайындалган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей