БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоров апелляциялык арыз берди

Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоров апелляциялык арыз берди

Сүрөт: УКМК

Камчыбек Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар делип кармалган Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоров апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош облустук сотунун маалымат кызматты билдириди.

 

Мекемеден билдиришкендей, Моңолдоровдун апелляциялык даттануусу 29-ноябрда каралат.

Ош шаардык соту Дамир Моңолдоровдун баш коргоо чарасы 14-ноябрда каралып, 9-декабрга чейин камакта калтырылганын маалымдаган. 

УКМК Өзгөн шаарынын мэри атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалганын 15-ноябрда кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Дамир Моңолдоров жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген деп айыпталууда. 

Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарынын мэри болуп 2022-жылдын май айында дайындалган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей