БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндүн мэри Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар делип кармалды

Өзгөндүн мэри Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар делип кармалды

Сүрөт: "УКМК"

Өзгөн шаарынын мэри Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишине катышкан деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматты “Т-Медиага” билдирди. 

 

Маалыматка караганда, Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоров  жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгендиги аныкталды.

"Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч колдонуу коркунучун жаратып жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырбоону талап кылган. Антпесе ден соолукка олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушкан",-деп жазылат атайын кызматтын маалыматында. 

Атайын кызмат тарабынан 13-ноябрда Моңолдоровдун  кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлүп,  УКМКнын тергөө абагына камака алынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей