БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Өзгөндүн мурдагы мэрин тилкат менен бошотту

Сот Өзгөндүн мурдагы мэрин тилкат менен бошотту

Сүрөт: УКМК

22-декабрда Ош облустук соту Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасын карап, судья аны жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Маалыматты "Т-Медиага"  мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.

Мекемеден билдиришкендей, айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна алып, тергөө органдары менен макулдашууга жетишкен. Мындан сырткары Моңолдорувдун ден соолугу начарлап кеткендиктен жана анын карамагында жашы жете элек кызы болгон үчүн бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Дамир Моңголдоровду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген. 

Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарынын мэри болуп 2022-жылдын май айында дайындалган. 
 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей