БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөнгө саркынды сууну тазалоочу курулма салынууда

Өзгөнгө саркынды сууну тазалоочу курулма салынууда

Сүрөт: президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Өзгөн шаарында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталды. Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү долбоорду ишке ашыруу үчүн Чехия менен келишим түзүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, "Кhaanzaa s.r.o Bohemia Controls" аттуу ишкана менен жалпы 2,5 млн еврого келишим болгон. Ал эми саркынды сууну тазалочуу курулманы жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалган. Мамлекет башчынын Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев 6-июнда курлушка капсула салды. Ал ушундай эле долбоор Кара-Сууда ийгиликтүү ишке ашып, Ноокатта башталып жатканын билдирди.

Тарыхый Өзгөн шаарында көп кабаттуу үйлөр болгону менен канализация жок. Калааны дайыма саркынды суулардын жана таштандылардын жагымсыз жыты каптап турат.

Өзгөн мэриясынын расмий маалыматына ылайык, калаада 65 миң адам жашайт, бюджети 163 миллион сомдон ашык.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей