БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жаандан улам Бишкекте үй-бүлөлүк медициналык бордорду суу каптады
16-апрелге караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Бишкектеги № 9 үй бүлөлүк медицина борборунун шыбынан суу агып, имараттын эки кабатын тең каптаган. Буга байланыштуу бейтаптарды кабыл алуу келерки биринчи күнү уланарын оорукананын айрым кызматкерлери айтышты.
Жерине барган "Т-Медианын" кабарчысынын билдиришинче, оорукананын кызматкерлери сууну өздөрү тазалап, кургактап жатат. Мындан тышкары аларга кошумча дагы башка үй-бүлөлүк борборлордон жумушчулар чакырылган.
Медициналык борбордун жетекчиси Рахат Бейшеналиевдин айтымында, имараттын чатыры буга чейин катуу шамалдан улам учуп кеткен. Аны оңдоо үчүн учурда тиешелүү каражат бөлүнгөн дейт.
"Бул 28-мартта болгон. Катуу шамалда чатырыбызды алып кеткен. Ошол кндн баштап эле иштер башталган. Азыр эки-үч күндүк жумуш калганда жаан жаап калды. Ошол эле болбосо жумуш жүрүп эле жатат. Акча деле бөлүнгөн. Ишти токтоткон жокбуз",-деди Бейшеналиев.
Ал эми кызматкерлер оорукананын чатыры төрт жыл алдын эле жаңыланганын айтышууда.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жаралган кырдаал боюнча комментарий берип, ал учурда аталган оорукана Бишкек мэриясынын карамагында болгонун белгиледи. Мындан улам азыр архивдик материалдарды кайрадан карап чыгуу керек. Министрлик андан кийин гана расмий жооп беришерин кошумчалады.
Автор: Боромбаев Максат > 149 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat