БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жайылда алты баланын өмүрү кыйылып, айдоочу камакка алынды

Жайылда алты баланын өмүрү кыйылып, айдоочу камакка алынды

Сүрөт: Чүй облустук милициясы

Чүй облустук милициясы мас абалында автоунаа башкарып бара жатып алты баланын өмүрүнө себепкер болгон айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Маалыматка караганда, кырсык 20-июнда саат 19:00дөр чамасында катталган.

"Фольксваген Джетта"үлгүсүндөгү автоунаа Алтын айылында жайгашкан №3 көлгө түшүп кеткен. Ичинде 11 адам болгон. Бир эркек киши (айдоочу), эже-сиңдилер жана алардын балдары. Кырсыктан алты бала каза тапкан. Алар:

- 2015-жылы туулган Б.В.

- 2018-жылы туулган Б.А.

- 2019-жылы туулган Б.Д.

- 2016-жылы туулган Б.В.

- 2020-жылы туулган Б.Т.

- 2018-жылы туулган Б.К.

"Ал жерден айдоочу спирт ичимдигин ичип, болжол менен саат 18:30да чамасында мас абалында унаасын буруп жатып, дөңсөөдөн оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр менен бирге сууга түшүп кеткен. Унаанын айдоочусу, келинчеги, ымыркай кызы, балдызы жана анын кызы унаадан чыгышып, калган балдар көлмөгө чөгүп кетишкен. Учурда балдардын сөөгү суудан чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалды", -деп айтылат маалыматта.

Милиция чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады. 

Автор: Осмонова Айдана > 615 статей