БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чүйдөгү алты баланын өмүрүн алган кырсык: айдоочу эки айга камалды

Чүйдөгү алты баланын өмүрүн алган кырсык: айдоочу эки айга камалды

Сүрөт: Чүй олбустук милициясы

Чүй облусунун Алтын айылында алты баланын өмүрүн алган кырсыкка шектелип кармалган айдоочу 19-августка чейин камакка алынды. Мындай токтомду 21-июнда Жайыл райондук соту кабыл алганын "Т-Медиага" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 20-июнда Жайыл районунун Алтын айылында болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, "Фольксваген Джетта"үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кеткен. Анын ичинде 11 адам - бир эркек киши (айдоочу), эже-сиңдилер жана алардын балдары болгон. Кырсыктан алты бала каза тапкан.

Милиция айдоочу мас абалда болгонун кошумчалаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 654 статей