БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖАК: журналист Капаров колун калем сап менен чийгилеген

ЖАК: журналист Капаров колун калем сап менен чийгилеген

Сүрөт: Жаза аткаруу кызматы

Жаза аткаруу кызматы абакта олтурган журналист Актилек Капаровдун колдорун кескилегени боюнча комментарий берди.

Мекемени маалыматында Капаров 28-майда сот залына кирерде колун калем сап менен чийгилеген.

“Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 2024-жылдын 28-майда сот залына кирээрде калем сап менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле, мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо шартына арыз доосу жок экенин ооз эки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана денесин медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартты. Ал боюнча мекеменин кызматкерлери тарабынан тиешелүү акт түзүлдү”-деп айтылат маалыматта. 

Аталган фактынын негизинде бүгүн, 30-майда Акыйкатчы институтунун жана Кыйноолорго каршы улуттук борборунун өкүлдөрү келип ал менен маектешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Маалыматтык эсептөө журналына катталып, прокурордун көрсөтмөсү менен  аймактар боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Мунун алдында журналист Актилек Капаров кат жазып, беш айдан ашуун убакыттан бери абакта мыйзамсыз кармалып жатканын билдирген. Ал өзүнө карата тагылган айтыптар жана иштин жагдайлары тууралуу маалымат берип, бул убакыт арасында эч кандай тергөө амалдары болбогондугун белгилеген.  

Жазылган катта Капаров өзүнө тагылган кылмыш иши “Temirov Live”  жана “Айт, айт десе” каналдарына чыккан видеого байланыштуу козголгонун айткан. Ал аталган редакцияда 2023-жылдын август айынан бери иштебей турганын, аны коомчулук да, бийлик өкүлдөрү да билерин жазып, аталган редакцияда иштебеген башка журналисттердин кармалышын кесиптик иши менен байланыштырган.

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган. 

Учурда Махабат Тажибек кызы, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева камакта олтурат. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей