БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад: Аюб-Тоо тоосундагы флагштокко жаңы туу илинди

Жалал-Абад: Аюб-Тоо тоосундагы флагштокко жаңы туу илинди

Сүрөт: Жалал-Абад мэриясы

2-мартта Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 32 жылдыгына жана Ак калпак күнүнө байланыштуу жөө жүрүш өттү. Анда Аюб-Тоодогу флагштокто жаңы туу илинди.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага катышкан 500дөй адам шаардан Аюб-Тоо тоосундагы флагштокко чейин жөө жүрүш жасашты. Ага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрү, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү тууралуу мыйзамы 2023-жылы декабрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Мыйзам 26-декабрда мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Ал эми 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей