БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кызамыктан улам Жалал-Абадда эки мектеп карантинге жабылды

Кызамыктан улам Жалал-Абадда эки мектеп карантинге жабылды

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Жалал-Абад шаарында 60га жакын окуучудан кызамык аныкталып, эки мектеп карантинге жабылды. Учурда балдар аралыктан билим алышууда. Бул тууралуу 30-октябрда “Т-Медиага” мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, ушу тапта илдетти жугузгандардын жарымы ооруканада, калганы үйлөрүндө даарыланууда. 

 

Карантинге алынган №2 орто мектебинде 50дөн ашык окуучудан кызамык аныкталган. Мектепте биринчи бейтап 6-сентябрда катталган. Илдетти жуктургандардын көбү алты жашында эмдөөдөн өтпөгөнү белгилүү болду. Ал эми №7 мектепте үч окуучудан кызамык табылды. 

 

"Элүүдөн ашык оорулуунун катталышы алдын-алуу жана эпидемияга каршы иш-чаралардын кечиктирилип жасалганынын жыйынтыгы. Мындан сырткары окуучулардын 063 формасы талап кылынбай, эмдөө статусу аныкталбай мектепке кабыл алына бергендиктен оорунун жайылышын шарт түзүлгөн. Жалал-Абад шаарынын облустук балдар клиникалык стационарында жетекчиликтер кызамык оорусунун абалы жөнүндө так  маалымат билишпейт, канча оорулуу кабыл алуу бөлүмүнөн которулганын, оорулуу менен байланышта болгондордун тизмеси жок. Кызамык оорусу күмөндөлгөн оорулуулар жөнүндө маалымат экстрендик билдирүү кабарланбайт, ымыркайлар бөлүмүндө жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган бейтаптардан кийин жасалган алдын-алуу жана эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүүнү так билишпейт, алгоритм иштебейт", -деп жазган мэрия. 

 

Мындан сырткары кызамык калаадагы №1, №4, №13 мектептерде бирден жана №1 жана №5 бала бакчасында, "Ак-Жол" реабилитациялык борборунда катталган. Аймакта 167 адам кызамык оорусуна күмөндөлүп жатат.

 

Кызамык кандай оору?

 

Кызамык – бул курч жугуштуу вирустук оору. Кызамык менен ооруган адамдан жугат. Балдар жана чоңдор дагы кызамыкка чалдыгышы мүмкүн. Кызамык менен оорубагандар жана ага каршы эмделбегендер бейтап менен байланышта болгондо, жашына карабастан дээрлик 100% ооруну жуктуруп алышат.

 

Кызамык кантип жугат?

 

Инфекция аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Ошондой эле жакын жеке байланыш же мурундан чыккан инфекция бар суюктук менен байланыш болгондо жугат. Вирус желдетүү түтүктөрү жана лифт шахталары аркылуу тарашы мүмкүн –бир учурда үйдүн ар кайсы кабатында жашаган балдар ооруп калышат.

 

Кызамыктын белгилери

 

Инфекция жуккандан кийин алгачкы белгилери пайда болгонго чейинки убакыт 7-14 күн. Оорунун белгилери:

• дене табынын 38-40⁰С көтөрүлүшү;

• кескин алсыздык;

• табиттин жоктугу;

• кургак жөтөл;

• мурундун агышы;

• конъюнктивит (көздүн былжыр челинин сезгениши);

• исиркектердин пайда болушу.

 

Кызамык татаалдануулары менен кооптуу. Өпкөнүн, мээнин, көздүн сезгениши пайда болуп, сокурдукка алып келиши ыктымал. Оор учурларда өлүмгө учуратышы мүмкүн. Көбүнчө, кыйынчылыктар беш жашка чейинки балдарда же 30 жаштан ашкан кишилерде болот.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей