БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад: газ баллон орнотулган жайларга текшерүү жүрүүдө

Жалал-Абад: газ баллон орнотулган жайларга текшерүү жүрүүдө

Сүрөт: Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Жалал-Абад шаарында кычкылтек жана газ баллондор орнотулган коомдук жана соода жайларында атайын текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

13-июлда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жарандык коргонуу кызматтарынын ыкчам жыйынында коомдук жайлардагы коопсуздукка көңүл бурууну, талапка жооп бербегендерин жабууну тапшырган. Ага ылайык тийиштүү кызматтардан турган атайын комиссия шаардын борбордук базарында жана анын айланасындагы соода жайларына рейд жүргүзүүдө. 

13-июлда эртең менен Жалал-Абад шаарында суусундук даярдоочу жайда газ баллон жарылган. Кырсыктан бир адам каза болуп, дагы төрт киши жараат алган. 

Кыргызстанда газ баллондун жарылышынан улам адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да катталган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей