БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад: мектептин экинчи кабатынан боюн таштаган кыздын абалы орто деп бааланууда

Жалал-Абад: мектептин экинчи кабатынан боюн таштаган кыздын абалы орто деп бааланууда

1

Жалал-Абад шаарындагы №14 Сатыбалды Давлетов атындагы мектеп лицейинин экинчи кабатынан боюн таштаган окуучунун абалы орто. Бейтап облустук ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу «Т-Медиага» мекеменин травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Мусаев билдирди.

Окуя 10-октябрда болгон. Өспүрүм кыз кечки саат алты жарымдарда Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгердин айтымында, анын мындай аракетине мугалимдин урушканы себеп болгон.

«Кыздын баш мээси чайкалып, сан сөөгү сынган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы жакшырып калды. Мугалим кемсинткендиктен 2-кабаттан секирип жибергенин айтып жатат. Кыздын абалы жакшыргандан кийин башкалар менен сүйлөшүүгө уруксат берилет»,- дейт Жоомарт Мусаев.

Окуучу кыз сабак учурунда боюн таштаганын Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ырысбек Калчаев да ырастады. Бирок анын мындай кадамга барышына эмне себеп болгону эми такталарын белгиледи. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

«Окуя болгондой кийин эле териштирүү ишгтери башталган. Учурда милиция да, биздин башкармалык да өз алдынча иликтеп жатат. Толук маалымат берилет». 

Автор: Т-Медиа > 355 статей