БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад: селден 152 турак жайдын, 1 заводдун короосун суу каптады

Жалал-Абад: селден 152 турак жайдын, 1 заводдун короосун суу каптады

Сүрөт: ӨКМ

22-июнга караган түнү тынымсыз жааган жамгырдан Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун эки айыл өкмөтүндө сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматы боюнча, Алиев, Садырбеков айыл өкмөттөрүндө сел жүрүп, эки социалдык объектинин, бир жеке менчик пахта иштетүүчү заводдун короосун, анын ичинен тогуз турак жайдын ичин, 152 үйдүн короосун суу каптаган. Министрлик сел кесепетин жоюу жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады.

"Жеринде кырдаалды жоюу үчүн Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад райондук, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү РӨКОдон 120 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак жайларды түн менен тазалоо жумуштарын алып барышууда. Сел каптаган аймактар тийешелүү адистер тарабынан заласыздандырылып, суу менен агып келген мал жандыктар жаныбарларды коргоо кызматы тарабынан коопсуз жайга чыгарылууда", - деп айтылат маалыматта.

21-июнь күнү Ош облусунун Араван, Өзгөн райондорунда дагы сел жүргөн. Анын кесепетинен ички жолдор убактылуу жабылган.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей