БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад шаарына келген 50 автобус каттамга чыга элек

Жалал-Абад шаарына келген 50 автобус каттамга чыга элек

Сүрөт интернеттен алынды

Жалал-Абад шаарынын 146 жылдык маарекесине белек катары берилген  50 автобус  азырынча каттамга чыга элек. Анын себебин жергиликтүү бийлик кээ бир документ иштери  бүтө электиги менен жана шаарда автобустар үчүн метан газын куючу бекеттердин жоктугу менен түшүндүрүштү. 

 

“Азыр биз документ иштери менен жүрөбүз. Кытайдан тиешелүү документтер келип, бажыдан өткөрүп берүүсүн күтүп жатабыз. Кагаз иштери толук бүткөн соң автобустарды жумушка чыгарабыз. Ошондой эле Кыргызстан боюнча метан газын куючу бекеттер 3 эле жерде бар экен биздин билишибизче. Учурда биздин мэр Өзбекстандын метан газы менен иштеген ишканалар менен сүлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азыр метан газы бар бекеттерди куруу үчүн орундар каралып жатат. Бирок бул масале эмес. Анткени убактылуу газ менен камсыз кылып туруу иштери да чечидип жатат”,-деп билдирди Жалал-Абад шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын жетечиси Афтандил Максутов.

 

Аталган автобустарды  президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгын белгилөө учурунда тапшырган. Анда Кытайдан алып келинген коомдук транспорттор жакын арада линияга чыгаары кабарланган.

 

 Жалал-Абад шаарына 2010-жылы Кытай мамлекети тарабынан 15 автобус берилген. Бүгүнкү күндө ал автобустардын жетиси иштен чыгып, сегизи иштеп жатат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей