БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда экинчи ипотекалык үйдүн курулушу башталды. Батирлер кимдерге берилет?

Жалал-Абадда экинчи ипотекалык үйдүн курулушу башталды. Батирлер кимдерге берилет?

Сүрөт: "Т-Медиа"

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик ипотекалык негиздеги дагы бир көп кабаттуу үй курулууда. Учурда пайдубалы казылып, курулушка чейинки жумуштар башталган. Жер Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына карайт. 


Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Кубанычбек Иманалиевдин маалыматы боюнча, аталган жер мамлекеттик ипотекалык компанияга акысыз берилүүдө. Маалыматка караганда, үй курулуп бүткөн соң шаар тургундары гана эмес жакынкы айылдардын жашоочулары да батир алууга мүмкүндүк болот. 

Бирок мэриянын мындай чечимине шаардык кеңештин айрым депутаттары каршы пикирин айтып чыгышты. Депутат Искендер Мейманкуловдун айтымында, жер ээси катары биринчи кезекте шаардыктар батирлүү болуш керек. 

"Биз өзүбүздүн шаарга караштуу жерди берип жатабыз да. Саткан жокпуз, бекер берилүүдө. Ошон үчүн биз өзүбүздүн талаптарыбызды коюшубуз керек. Шаардын жеринин ээлери шаардын тургундары. Негизи бардыгы Кыргызстандын тургундары. Бирок биз жерди бергенде биринчи кезекте шаардын тургундарынын кызыкчылыгы болушу керек эле",-деди Мейманкулов.

Ал эми шаар бийлиги ипотекалык үйлөрдү ар бир жаран алууга укуктуу болушу керек дейт. Анткени шаарда иштеп, бирок айылда жашагандар чектелип калбашы керек. 

Бул Жалал-Абад шаарына салынып жаткан экинчи ипотекалык үй. Көп кабаттуу үй 2024-жылы бүткөрүлүп, жарандарга 25 жылга ипоткекага берилери маалымдалган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей