БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жалал-Абаддын 400 тонна жаңгагы Түркияга сатылат
Жалал-Абаддын 400 тонна жаңгагын Түркияга сатуу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков билдирди.
Аталган келишим Анкарада өткөн Кыргыз-Түрк соода-экономикалык жыйынында түзүлүп, алуучу тараптан Araz group компаниясы кол койду.
Токтобековдун айтымына караганда, биринчи партиясы 15-февралда экспортко жөнөтүүгө даярдалууда. Мындан башка дагы түркиялык эки компания менен 400 тонна жаңгак сатуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.
Эске салсак, 9-февралда Анкара шаарында 11-өкмөттөр аралык Кыргыз-Түрк соода-экономикалык жыйыны болуп өттү. Отурумдун жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган Комиссиянын жыйынынын протоколуна, эл аралык унаа жолдору боюнча макулдашууга жана экспорт тармагында меморандумга кол коюлган.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
March 2025
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5