БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад: жаңы автобустар 10 күндөн ашык убакыттан бери каттамга чыкпай турат

Жалал-Абад: жаңы автобустар 10 күндөн ашык убакыттан бери каттамга чыкпай турат

Сүрөт Жалал-Абад шаардык мэриясынын facebook баракчасынан алынды

Жаңы автобустар 22-декабрдан бери каттамга чыга элек. Буга метан газдын жоктугу себеп болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын жетекчиси Афтандил Максутов билдирди.

Максутов Өзбекстандан метан газын албай турган болдук дейт. Буга коомчулуктун сыны себеп болгон.

“Буга чейин жаңы алынып келинген автобустар газ куюу үчүн Өзбекстанга кирип чыгып жаткан. Андан кийин түрдүү сындар айтылды. Коомчулукка пайдасын тийгизеби деген сөздөр болду. Андай кийин газ албай турган болгонбуз. Эми өзүбүздөгү газ куюучу бекет ишке киргенде анан автобустар каттайт”, - дейт Афтандил Максутов.

Жалал-Абадда 1-декабрдан тарта 40 жаңы автобус каттамга чыгып, 5 линия аркылуу иштеп баштаган. Кийин 4-декабрда дагы 8 автобус кошулган. Автобустар метан менен жүргөндүктөн газды Өзбекстандан толтурулуп турган.  

Кийин соцтармакта видео тарап, автобустар Өзбекстанга барып газ куюп келип жатканы катуу сынга алынган. Муну мэрия калаада бекеттердин жоктугу менен түшүндүргөн.

Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын жетекчиси Афтандил Максүтовдун айтымында, автобустар метан газы менен жүргөндүктөн Өзбекстандын Хан-Абад шаарындагы эң жакын май куюучу жайга барып келип жатканын, бир толтурганы эки-үч күнгө жетип жатканын айткан.

"Хан-Абаддын эң жакын май куюучу жайы менен сүйлөшкөнбүз. Барып келишибиз 50 чакырымды түзөт", -деди ал.

Автобустар кезеги менен газ толтурууга жөнөтүлүп турган. Жыйырма беши каттамга чыкса, калганы бакты толуктоо үчүн Өзбекстанга кетет. Афтандил Максүтов Хан-Абадга барып, кайра кайтуу үчүн бир автобуска 100 сомдук газ жетерин айткан. Эгерде бир автобус аптасына эки жолу газ толтурууга барса, 200 сом, ал эми айына 800 сом коротот. Элүү автобус багын толуктоого бара турган болсо, айына 40 миң сомдун тегерегинде акча сарпталат.

Өзбекстандык компания бекет куруп берүүдө

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы калаада метан газынын бекетин куруу эми гана башталганын билдирди. Аны Өзбекстандын "Тамир курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому өз эсебинен салып берүүдө. Курулуш иштери декабрдын аягында аяктай турганы айтылган. Бирок али качан курулуп бүтөөрү айтыла элек. Жергиликтүү бийлик азырынча бир эле бекет куруларын кошумчалады.

Жалал-Абад шаарынын күнү 26-октябрда белгиленген. Ага президент Садыр Жапаров катышып, 50 даана газ менен жүрүүчү жаңы автобустарды тапшырган. Коомдук транспорт 30 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Алардын үчөө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган. Уюлдук телефонду кубаттоо мүмкүнчүлүгү да бар.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей