БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жалал-Абаддагы 12 адам ууланган эс алуу жайы убактылуу жабылды
Уулануудан кийин "Саты" эс алуу жайы жабылып, 23 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов 29-мартта "Т-Медиага" билдирди.
Мындан тышкары эки тейлөөчүгө медициналык кароодон өтпөгөнүнө байланыштуу 3 миң сомдон 6 миң сомго чейин айып салынган.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетовдин билдиришинче, ооруканага жаткырылыган эки бейтап үйлөрүнө чыгарылды.
25-мартта Жалал-Абадда "Саты форель" эс алууучу жайынан тамактанган 12 адам ууланып ооруканага түшкөн. Онунун абалы канааттандырарлык болуп ошол эле күнү үйлөрүнө кеткен. Калган экөө ооруканага жаткырылган.
Бул облуста жыл башынан бери тамак-ашка ууланган алгачкы учур. Былтыр Жалал-Абадда 16 учур катталып, 71 адам жабыркаган.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat