БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад: газдын жоктугунан токтоп турган автобустар каттамга чыкты

Жалал-Абад: газдын жоктугунан токтоп турган автобустар каттамга чыкты

Сүрөт:Жалал-Абад шаардык мэриясынын facebook баракчасынан алынды

Жалал-Абад шаарында метан газынын жоктугунан ишин токтоткон автобустар бүгүн, 9-январдан тарта каттамга чыгышты. Бул тууралуу "Т-Медиага" Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын жетекчиси Афтандил Максутов билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда 20 автобус каттамга чыкты. Калган 30 автобус убактылуу токтоп турат. Мэриянын басма сөз катчысы Кабыл Көчкөнбай уулу метан газын куюучу бекеттин курулушу ушул жума бүтөрүн билдирди.

Каттамга киргизилген жаңы автобустар Өзбекстан метан газын бербей калгандан кийин ишин токтоткону 4-январда белгилүү болгон. Жергиликтүү бийлик муну күн суук болгондо газдын басымы төмөндөп, коңшу өлкөнүн өзүндө узун кезек жаралып жатканы менен түшүндүргөн.

2023-жылдын 1-декабрынан баштап Жалал-Абад шаарында 40 жаңы автобус каттамга чыгып, беш линия аркылуу иштеп баштаган. Кийин 4-декабрда дагы сегизи кошулган. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан күн сайын 20 автобус каттамга чыгып, калган 20 автобус Өзбекстандан газ куюп келип жаткан.

Автобустарды Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата президент Садыр Жапаров тапшырган. Коомдук транспорт 30 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Алардын үчөө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган. Уюлдук телефонду кубаттоо мүмкүнчүлүгү да бар.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей