БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Газ менен жүрөт. Жалал-Абадда 40 жаңы автобус каттамга чыкты

Газ менен жүрөт. Жалал-Абадда 40 жаңы автобус каттамга чыкты

Сүрөт Жалал-Абад шаардык мэриясынын facebook баракчасынан алынды

Жалал-Абадда 1-декабрдан тарта 40 жаңы автобус каттамга чыгып, 5 линия аркылуу иштеп баштады. 4-декабрда дагы 8 автобус чыгат.  

Автобустар метан менен жүрөт. Шаарга бул метан газын куюучу бекеттер эми курулуп жатат. Жыл аягында ишке берилет. Ага чейин газ Өзбекстандан толтурулуп чыгарылат.

Коомдук транспорттор таңкы саат 7ден кечки саат 6га чейин каттамда болот. Жол акысы 10 сом. Линиядагы жүрүү аралыгы 6-7 мүнөттөн сакталышы керек. 

Автобустарда 30 жүргүнчүгө орундук бар. Алардын үчөө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган. Уюлдук телефонду кубаттоо мүмкүнчүлүгү да бар.

Жалал-Абад шаарына мындан 13 жыл мурун Кытайдан келген 15 автобус бар. Алардын жетөө таптакыр жараксыз абалга келген. Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата Президент Садыр Жапаров 50 даана газ менен жүрүүчү жаңы автобустарды тапшырган. Алдыда шаарга дагы 10 даана электробус сатып алынат.

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей