БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда мэриянын жана президенттин өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды

Жалал-Абадда мэриянын жана президенттин өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды

Сүрөт: Жалал-Абад мэриясы

Жалал-Абадда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана мэриянын жаңы имаратынын курулушу башталды. Ага 29-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды.   

Мэриянын басма сөз кызматынын маалымдашынча административдик имарат калаанын Байзаков көчөсүнө, мурда Жазаларды аткаруу кызматына караган 7,6 гектар жерге салынууда. Курулушка республикалык бюджеттен 1 миллиард 650 миллион сом каралып, быйыл 900 миллион сому бөлүнүп берилген.

Имарат жети кабаттан турат. Алдында оргума менен аянт, унаа токтотуучу жайлар, жаштар аллеясы курулат. Келерки жылы пайдаланууга берилет. 

Аталган жерди Жазаларды аткаруу кызматы 49 жыл пайдалангандан кийин, былтыр толугу менен буздурулган. Ал эми абак Базар-Коргон районуна жылдырылган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей