БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад: Социалдык камсыздоо башкармалыгынын адиси аз камсыз болгон жарандардан пара алууга шектелүүдө

Жалал-Абад: Социалдык камсыздоо башкармалыгынын адиси аз камсыз болгон жарандардан пара алууга шектелүүдө

Сүрөт: УКМК

Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын М.О.З аттуу жетектөөчү адиси аз камсыз болгон жарандардан пара алууга шектелүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ал  "Үй бүлөгө көмөк" төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн акча талап кылганын билдирди.

Атайын кызмат шектүүнүн үстүнөн бир нече жолу жергиликтүү жарандар арыз жазганын кошумчалады. Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренсинин экинчи бөлүгү менен иш козголгон.

"Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы туруктуу акча чогултуу системасына бөгөт коюлду. Натыйжада 2024-жылдын 19-сентябрында аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган", -дейт мекеме.

Буга чейин Ошто "медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери "майыптыгы бар адам" деп таануу жөнүндө маалымкаттарды жазып берүүдө опузалап акча алууга шектелген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей