БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда аз камсыз болгон жарандардын сүрөтү жарыялана баштадыбы? Расмий жооп

Жалал-Абадда аз камсыз болгон жарандардын сүрөтү жарыялана баштадыбы? Расмий жооп

Сүрөт: Гүлалина Нарбаева

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда соцадистер аз камсыз болгондугу үчүн жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдү сүрөткө тартып баштады. Бул тууралуу Гүлалина Нарбаева аттуу "Фейсбук" колдонуучусу пост жазып, сүрөт жарыялады.

"Т-Медиа" Нарбаева менен байланышканда жогорудагы сүрөт Ала-Бука районунун Тельман айылында тартылганын билдирди.

"Сүрөт айылдын вотсап группасына келди. Бир жумадан бери ушул көрүнүш".

Райондук Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы бул маалыматты ырастады. Мекеменин жетекчиси Иличбек Узеновдун айтымында, жараян Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин катынын негизинде жүрүп жатат. 

"Февралдын башында министрликтен даректүүлүгүн күчөтүү максатында жөлөк пул алгандардын үйүн тартып жөнөтүү боюнча кат келген. Бул жерде түшүнбөстүк болуп калыптыр. Кызматкерлерге “үйлөрүн эле тарткыла” десек, барып үй-бүлө мүчөлөрү менен тартып келишиптир. Учурда тартуу токтотулду. Негизи бул жараян өлкө боюнча болду".  

Узеновдун сөзү боюнча, жөлөк пул, пенсия алгандар  беш күндүн ичинде жашоо-турмушунда кандай өзгөрүү болгонун билдириши керек. 

"Кээ бир учурларда жарандар жалпы кирешесин жашырып калышы мүмкүн. Бизге мыйзам чегинде беш жумушчу күндө үйүндө кандай өзгөрүү болгонун кабарлашы керек. Орусияга чыгып кетиши мүмкүн же техника алып калышы мүмкүн же мал алып калышы мүмкүн да. Ошого даректүүлүгүн күчөтүү максатында ушундай иш-чара жүрүп жатат", -дейт ал. 

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  парламенттин 2023-жылдын 20-ноябрдагы жыйынында  аз камсыз болгон үчүн жөлөк пул алган жарандарды коомчулукка жарыяланарын айткан. Ал 212 миң үй-бүлөнүн сүрөт, видеосу даярдалган билдирген. 

Бийлик учурда өлкөдө колунда бар болсо да аз камсыз деген статуста жөлөк пул алып жаткандар көп деген ойдо. Аларды коомчулукка жарыялап, чыныгы жардамга муктаждарын ылгап алууну көздөп жатат. Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда мындай практика Кытайда колдонулат. Бул жол менен жакырлардын саны боюнча статистиканы да азайтса болот. 

Юристтер бийликтин бул каалоосун адам укугун бузуу жана дискриминация катары баалашууда. Маалыматтар жөлөк пул алгандардын, чындыгында колунда бар же жоктугун көрсөтүү үчүн жарыяланганы баарын бирдей коодуулоого алып келет. Ал эми психологдор мындай ыкма менен адамды басынтып алуу коркунучу бардыгын белгилешкен.

Учурда Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөлөрдүн 16 жашка чыга элек ар бир баласына 1200 сом "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу берилет. Аны алуу үчүн үй-бүлөдөгү ар бир адамга айына 1000 сомдон аз киреше туура келиши керек. Ага маяна, стипендиялар, ишкерликтин кирешелери, айыл өкмөттөгү маалыматтын негизинде жерден, малдан түшкөн кирешелер эсептелет. Жөлөк пулду унаасы бар, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө төрттөн көп майда жандык туура келген жарандар ала албайт. 

Ал эми майда жандык төмөнкүдөй эсептелет:

  • 1 уй - алты майда жандык катары;
  • 1 кунаажын төрт майда жандык катары;
  • 1 өгүз алты майда жандык катары; 
  • 1 жылкы жети майда жандык катары; 
  • 1 бука сегиз майда жандык катары;
  • 1 торпок эки жарым майда жандык катары саналат. 

Мисалы, үй-бүлөңүздө төрт адам болсоңуз, бир уй (алты майда жандык), бир жылкыңыз (жети майда жандык) бар болсо, 13 майда жандыгы бар деп эсептелесиз. 

Ал төрт адамга (13 : 4 = 3,25) төрттөн туура келбейт. Демек, бул үй-бүлөдө автоунаа жок болсо, кирешелери ар бир адамга 1000 сомдон туура келбесе гана ай сайын 16 жашка чыга элек балдарына 1200 сомдон жөлөк пул алат. 

2023-жылдын башында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 5,7%га кыскарганы кабарланган. Учурда 16 жашка чыга элек 339 миңдей бала жөлөк пул алып жатат. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей