БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда консерваланган азыкка ууланган эне-баланын абалы жакшы

Жалал-Абадда консерваланган азыкка ууланган эне-баланын абалы жакшы

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абадда ботулизм диагнозу коюлган эки жарандын абалы салыштырмалуу жакшы. Алар үй шартында консерваланган салат жеген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактагы координатору Каарманбек Байдавлетовдун "Т-Медиага" билдиришинче, бейтаптар учурда облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда.

"Эне-балага ботулизм диагнозу коюлуп дарыланышууда. Алар помидор, бадыраң, колбоса аралашкан консерваланган азык жешкен экен", -дейт ал

Кыргызстанда буга чейин да тез татым жайларда, кафе-ресторандарда жана үй шартында жасалган консерваланган азыктарга ууланган учурлар болгон. Былтыр октябрда жапырт уулануу Бишкек шаарынын Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында болгон. Бул жайларга 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылган.

Ботулизм – бул коркунучтуу оору. Ботулизмдин козгогучу эмес, андагы көмүр кычкыл газы болбогон жерде пайда болуучу токсиндер коркунучтуу. Так ушундай шарт жемиштерди концервалаган учурда түзүлөт.

Ботулизм менен өзгөчө үй шартында санитардык номаларды сактабай, технологиялык талапка ылайыксыз концерваланган азыктарды колдонгон учурда жабыркашат. Инкубациялык мөөнөтү 4-6 саатты түзөт. Айрым учурларда 7-10 күнгө чейин созулушу ыктымал. Алгачкы белгилери: жүрөктүн айлануусу, кусуу, диарея, көздүн көрүүсүнүн начарлашы, булчуңдардын алсыздыгы. Эң коркунучтуу белгиси – дем алуу кыйындап, суюктукту жутуу мүмкүн эмес болуп, параличке да алып келиши мүмкүн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей