БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жалал-Абад: кызамыктан улам онлайнга өткөн мектептер ачылды

Жалал-Абад: кызамыктан улам онлайнга өткөн мектептер ачылды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарында кызамык оорусунан улам онлайнга өткөн К. Закиров атындагы № 2 жана А. Усманов атындагы № 7 орто мектептер кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу "Т-Медига" Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди.

 

Анын айтымына караганда, мектептер 14-ноябрда иштеп баштаган. 

"Окуучулардын баары айыгып, мектепке кайтышты. Жалпы 85  бала кызамык жуктурган болчу",-деди ал.

Калаада 60га жакын окуучудан кызамык аныкталып, эки мектеп карантинге жабылганын 30-октябрда мэриядан билдиришкен. Текшерүү учурунда илдетти жуктургандардын көбү алты жашында эмдөөдөн өтпөгөнү аныкталган. Мындан улам Билим берүү министрлиги Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө эмдөөдөн баш тарткан же бир жолу эмделген окуучулардын санын тактап, ар бир мектеп, бала бакчада эмдөө жасоо жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн дарыгерлерге өзүнчө бөлмөлөрдү уюштуруп берүү тапшырмасы берилгенин маалымдаган. 

Жалал-Абад облусу боюнча сентябрдан тарта 740 жаран кызамык жуктуруп алган. 

Автор: Осмонова Айдана > 797 макала