БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда кызамыкка каршы эмдөө башталды

Жалал-Абадда кызамыкка каршы эмдөө башталды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунуна кызамыкка каршы 159 миң доза вакцина алып келинип, эмдөө башталды. Бул тууралуу 14-мартта "Т-Медиага" Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов билдирди.
 

"Бүгүн-эртең (ред-14-15-март) Аксы, Ала-Бука жана алыскы райондорго да жеткирилет. Эмдөөдөн тогуз айдан сегиз жашка чейинки өспүрүмдөр өтөт”, -деди ал.

Байдавлетовдун маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунда 12-мартка карата кызамык жуктургандардын саны 975 кишиге жетти. 

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин 12-мартка карата статистикасына ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 5446 учурга жетти. Анын ичинде Бишкек шаарында эң көп - 1653 адам кызамык жуктурган. 

Автор:Байэл Бурханов

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей