БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда милиция кызматкери баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн деп шектелүүдө

Жалал-Абадда милиция кызматкери баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн деп шектелүүдө

Сүрөт: УКМК

УКМК Жалал-Абаддын аймагында ири өлчөмдөгү баңгизатын ташуу жана сатуу менен активдүү алектенип келген милиция кызматкери кармалганын билдирди. Атайын кызматтын басма сөз кызматы 18-декабрда тараткан маалыматка караганда, ал Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери болгон. 

"Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын коопсуздук кызматынын бөлүмү менен биргеликте, «Афган Чарс» баңгизатынын кезектеги партиясын сатуу учурунда жогоруда аталган милиция кызматкери пара менен кармалган. Мындан сырткары баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан эки жаран кармалды. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 562 граммды түзгөн", -деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей