БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жалал-Абадда мыйзамсыз алтын казгандар аныкталды

Жалал-Абадда мыйзамсыз алтын казгандар аныкталды

Сүрөт интернеттен алынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычынан мыйзамсыз алтын казгандар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка карганда, Орто-Токой суу сактагычынын аймагынын жалпы аянты 2,6 га түзгөн төрт участкасында жеке ишкер тарабынан мыйзамсыз, өз алдынча чачынды алтын чайкоо жолу менен казылып жаткандыгы аныкталган.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам жайыт жана сугат айдоо категориясындагы жерлердин кыртышы бузулуп, мамлекетке 29 млн 801 миң 50 сомдук экологиялык зыян келтирилген”, -деп айтылат маалыматта. 

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (жерди бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгына тапшырылган. Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратура кайсыл адамдарга карата кылмыш иши козголгонун ачыктаган жок.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала