БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда прокурордун жардамчысы опузалоого шектелип кармалды

Жалал-Абадда прокурордун жардамчысы опузалоого шектелип кармалды

Сүрөт: ИИМ

Жалал-Абадда Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысы опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин маалыматында, шектүү жергиликтүү жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, көптөн бери акча талап кылып жүргөн.

Сентябрда анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү быйыл октябрда Аксы районунан Тогуз-Торо районуна прокурордун жардамчысы кызматына которулган. Ага карабай опузалоону уланткан.

"Башка районго которулганына карабай кайра чалып, 20 миң сом акча каражатын талап кылган. Ишкер 20 миң сом акчаны төлөм терминалы аркылуу электрондук капчыкка которгон" - деп айтылат ИИМдин маалыматында. 

Азыркы учурда сот тарабынан аны гауптвахтада кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалды.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей