БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда теракт жасоого шектелгендер кармалды

Жалал-Абадда теракт жасоого шектелгендер кармалды

Сүрөт: УКМК

УКМК Жалал-Абад шаарында "Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан" эл аралык террористтик уюмунун жашы жете элек эки мүчөсү кармалганын билдирди.

Атайын кызмат маалымдагандай, шектүүлөр  интернет аркылуу "ИМ-ВХ" ЭТУнун катарына кошулуп, чет элдик ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан. Ошондой эле калаадагы Успение Пресвятой Богородицы чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөшкөн.

"Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун төгүндөлгүс далилдери, ЭТУнун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле "ИМ-ВХ" ЭТУнун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылды"-деп айтылат маалыматта. 

Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Террордук акт" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 жашы жетпегендердин тергөө абагына киргизилди.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей