БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жалал-Абадда мамлекеттик төрт дарыкана ачылды

Жалал-Абадда мамлекеттик төрт дарыкана ачылды

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жалал-Абад облусунун  Токтогул, Ноокен, Базар-Коргон райондорунда жана Кочкор-Ата шаарында да «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын түйүнү ачылды. Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Саламаттыкты сактоо министринин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов катышты. Бул тууралуу 13-ноябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Маалыматта айтылгандай, бул дарыканаларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү бар. Жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15 пайыз арзан сатып алса болот. 

Буга чейин дарыкананын төрт түйүнү уюштурулган. Алардын төртөө Бишкек шаарында, үчөө Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирден ачылган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик дарыканалар республиканын бардык аймактарында ачылат.  

Автор: Улукбек кызы Асем > 382 макала