БАШКЫ БЕТ > Макалалар
Жалал-Абадда УКМКнын жери сатылды. Жаңы ээси ким?
Жалал-Абад шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурдагы орду жеке жактарга сатылды. 93 млн сомго бааланган 41 сотых жерге учурда тогуз кабаттан турган эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүүдө.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2023-жылдын 18-майында 41 сотых жерди сатууга койгон. Баштапкы баа 92 млн 900 миң сом деп коюлуп, аукционго эки адам катышкан. Жыйынтыгында 93 млн сом сунуштаган Абдыкадыров Канатбек Абдыкадырович жеңүүчү деп табылган.
Аталган көп кабаттуу үйдү "Элит Таувер" курулуш компаниясы куруп жатат. Компанияны президенттин Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров негиздеген. Бирок 2023-жылдын 23-мартында компания анын уулу Абдыкадыров Улан Эмилбековичке кайра катталган.
Архитектуралык корутундусу жок курулуш башталган
Көп кабаттуу үйдү куруу демилгеси өткөн жылдын сентябрь айында шаар куруу кеңешинин кароосунан өткөн. Бирок архитектуралык-техникалык корутунду үй куруучуларга бериле электигин Жалал-Абад аймактык шаар куруу жана архитектура мекемесинин жетекчиси Бакыт Байжигитов билдирди.
"Абдыкадыров аттуу жаранга бизде 19-сентябрда арыз түшүп, шаардык кеңеште каралып, бардык кызматтын макулдашуу кызматы чыккан. Азыркы учурда биздин башкармалык тарабынан архитектуралык курулуш шарттары берилиши керек. Ал толугу менен Абдыкадыров тарабынан техникалык шарттар тиешелүү кызматтардан толугун алып келине элек. Алып келсе бизден жакынкы аралыкта чыгат. Бизге бул арыз түшкөн убакта курулуш эч кандай башталган эмес. Азыр бизге маалыматтар келип атат "курулуш иштери жүрүп жатат" деген. Мында биз анын мыйзам бузуучу тарабын толук карап көрөбүз".
Архитектуралык-техникалык корутундусу жок туруп, курулуш баштоого мыйзам жол бербейт. Бирок арыз архитектура башкармалыгына сентябрдын башында берилгени менен, компания үйдүн курулушун ага чейин эле баштап жиберген.
"Мен август айында баргам. Эскертүү бергенбиз. Курулушту токтотушкан. Анан алар ал жерде котлаван куруп жаткан жеринен култап чыгып кетишкен. Андан кийин дагы текшерүү жүргүзгөнбүз. Эми алар баш ийбесе чара көрүп, айып пул салынат. Эгерде ага дагы баш ийишпесе биз тиешелүү тараптарга кайрылабыз" -дейт Бакыт Байжигитов.
Бирок "Т-Медианын" журналисттери жерине барганда көп кабаттуу үйдү куруу иштери кызуу жүрүп жаткан. Куруучулар, имарат үлкөн адамдыкы экендигин айтышып, жакшысы тийишпей эле коюшубузду сунуштады. Ал эми короону тосуп жаткан курулушчулар, буюртманы Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев бергенин билдиришти.
Буюртмачы Женишбек Токторбаев экенин мурдараак бизге Жалал-Абад аймактык мамлекеттик архитектуралык- курулуштук көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын ушул аймакты тейлеген кызматкери да айткан болчу.
"Курулушту "Элит Таувер" курулуш компаниясы куруп жатат. "Заказчиги" Токторбаев Жеңишбек деген Жогорку Кеңештин депутаты", -деген ал.
Жеңишбек Токторбаев менен байланышканыбызда ал алгач Токторбаев эмесмин деп телефонун коюп салды. Бирок вотсап аркылуу байланышка чыгып, үйгө такыр тиешеси жок экендигин билдирди.
Курулушту жүргүзүп жаткан "Элит Тауверс" курулуш компаниясынын Жалал-Абад аймагындагы жетекчиси Каныбек Абиров да үйгө Жеңишбек Токторбаевдин эч кандай тиешеси жок экенин ишенимдүү айтты. Ал "Элит Тауверс" компаниясы подрядчы экенин айтып, "бирок буюртмачы ким экендигин билбейм" деп жооп берди. Курулуштун долбоорун көрсөтө алган жок. 41 сотых жерге тогуз кабаттан эки үй салынаарын, анда жалпы 210 батир болоорун белгиледи.
Курулуш мыйзамсыз жүрүп жатканын айтып, биз Жалал-Абад аймактык мамлекеттик архитектуралык- курулуштук контролдоо боюнча башкармалыгына кайрылганыбыздан кийин мекеме “Элит Тауверс” компаниясына 200 миң сом айып пул салды. Курулушту токтотуу талабын койгон. Ага курулушчулар макул болгон. Бирок иш азыркы күнгө чейин уланып жатат.
Жерди сатып алган Канатбек Абдыкадыров ким?
Жерди 93 млн сомго сатып алган Канатбек Абдыкадыров ишкер эмес. Кайсы бир курулуш компаниянын ээси да эмес. Көрүнүктүү мамлекеттик кызматты аркалаганы да белгисиз. Бирок ал дайыма УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жанында жүрөт.
Канатбек Абдыкадыров 2023-жылдын январь айында кыргыз футбол союзунун вице-президенти болуп дайындалган. Бирок көп өтпөй ал кызматтан кайра кеткен. Буга чейин "Клооп Медиасынын" журналисттери Абдыкадыров Джүдемишов деген фамилия менен жүрөрүн аныкташкан.
Ачык булактарда Канатбек Абдыкадыров же Джүдемишов – "Барпы айылы" кредиттик союзунун тең негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. 1999-жылы катталган ушул эле кредиттик союздун негиздөөчүлөрүнүн бири УКМКнын төрагасынын аялы Нургүл Жолдошовна Ташиева. Союздун директору али күнчө Камчыбек Ташиев өзү.
Ушул эле Канатбек Абдыкадыров "ЖалГруппАзия" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул жоопкерчилиги чектелген коом Юстиция министрлигинин сайтында спорттук иш-аракеттер менен алектенет деп жазылып турат. Аталган компания Barca Experienc компаниясысынын Борбор Азиядагы франшиздик ээси.
Канатбек Абдыкадыровдун аты "ЖалГруппАзия" аталышындагы фонддо да айтылган. 2021-жылы бул компанияны Камчыбек Ташиевдин тун уулу Тай-Мурас Ташиев жана “ЖалГруппАзия” ЖЧКсы түптөп, анын жетекчиси катары кайра эле ушул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Канатбек Абдыкадыров көрсөтүлгөн. Бул тууралуу журналисттер жазып чыккандан кийин фонд 2023-жылдын 11-сентябрында кайрадан каттоодон өтүп, "Барса Академиясы" деп өзгөртүлүп, жетекчиси катары Абасканов Мурзабек Каниметович көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрдүн катарынан Тай-Мурас Ташиев алынып салынган. Бирок ИНН номуру сакталып кала берген.
Жалал-Абадда социалдык обьектер жетишсиз. Айрыкча бала-бакча, мектеп маселеси курч.
"Жалал-Абад шаарында жалпысынан мамлекеттик 20 мектеп, 26 бала бакча бар. Социалдык обьект курганы шаарда азыр жер жок"-деген Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова.
Мамлекеттик муктаждыктар толук чечилбей жатканда шаардын так ортосундагы жер жеке жактарга эмнеге сатылганына мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду түшүндүрмө берген жок.
Канатбек Абыдкадыровдун менчигине өткөн жерде, мыйзамдуулукту башкалардан талап кылып президенттин Ысык-Көл облусунун өкүлү кызматынан жакында эле алынган Эмилбек Абдыкадыров түптөгөн компания мыйзамды айланып өтүп үй куруп жатат. Алардын туугандык жагы барбы жокпу, аныктай алган жокпуз. Мындан улам үйдүн ээси ким экени белгисиз калууда.
Автор: Улукбек кызы Асем > 382 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat