БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад: жаңы автобустар газ толтуруу үчүн Өзбекстанга кирип чыгууга аргасыз болууда

Жалал-Абад: жаңы автобустар газ толтуруу үчүн Өзбекстанга кирип чыгууга аргасыз болууда

Сүрөт: Жалал-Абад шаардык мэриясынын facebook баракчасынан алынды

Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата берилген 50 автобус метан газын куюу үчүн Өзбекстанга чыгып келүүдө. Муну мэрия калаада бекеттердин жоктугу менен түшүндүрүп жатат. 

 

Автобустардын 40 даанасы 1-декабрдан каттамга чыккан. Калганы 4-декабрдан тарта иштей баштаган. Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын жетекчиси Афтандил Максүтовдун айтымында, автобустар метан газы менен жүргөндүктөн Өзбекстандын Хан-Абад шаарындагы эң жакын май куюучу жайга барып келишет. Бир толтурганы эки-үч күнгө жетет.

"Хан-Абаддын эң жакын май куюучу жайы менен сүйлөшкөнбүз. Барып келишибиз 50 чакырымды түзөт", -деди ал. 

Автобустар кезеги менен газ толтурууга жөнөтүлөт. Жыйырма беши каттамга чыкса, калганы бакты толуктоо үчүн Өзбекстанга кетет. Афтандил Максүтов Хан-Абадга барып, кайра кайтуу үчүн бир автобуска 100 сомдук газ жетерин айтты. Эгерде бир автобус аптасына эки жолу газ толтурууга барса, 200 сом, ал эми айына 800 сом коротот. Элүү автобус багын толуктоого бара турган болсо, айына 40 миң сомдун тегерегинде акча сарпталат. 

Өзбекстандык компания бекет куруп берүүдө

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы калаада метан газынын бекетин куруу эми гана башталганын билдирди. Аны Өзбекстандын "Тамир курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому өз эсебинен салып берүүдө. Курулуш иштери декабрдын аягында аяктайт. Жергиликтүү бийлик азырынча бир эле бекет куруларын кошумчалады. 

Жалал-Абад шаарынын күнү 26-октябрда белгиленген. Ага президент Садыр Жапаров катышып, 50 даана газ менен жүрүүчү жаңы автобустарды тапшырган. Коомдук транспорт 30 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Алардын үчөө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган. Уюлдук телефонду кубаттоо мүмкүнчүлүгү да бар. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей