БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда таштанды ылгоочу заводдун курулушу башталды

Жалал-Абадда таштанды ылгоочу заводдун курулушу башталды

Интернеттен алынган сүрөт

Жалал-Абад шаарында таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод ишке кирет. Ишкананы курууга былтыр калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сом ажыратылган. Бул тууралуу "Т-Медиага" мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Курулуш иштери ушул жылдын июль айында аяктайт деп күтүлүүдө. Заводдо Жалал-Абад шаарынан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат. Ал эми кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү жолго коюлат.

Таштанды ылгоочу завод курууга тендер былтыр октябрь айында жарыяланган. Аны шаардык мэриянын Капиталдык курулуш департаменти сынакка койгон. Жеңүүчү компанияга 210 күндүн ичинде таштанды ылгоочу заводду бүтүрүп берүү талабы коюлган. Тендерди "Умар Сервис Компани" ЖЧКсы уткан. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей