БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жалган жалаа тараткандарга айып каралган мыйзам долбоорго өзгөрүү кирип, баасы азайтылды
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жана мазактоо үчүн айып пул сала турган мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков 26-ноябрдагы жыйында билдирди.
Эл өкүлү жалган маалымат тараткан жеке жактарга айып пулдун өлчөмү 20 миң сомго, юридикалык жактарга 65 миң сомго төмөндөтүлгөнүн айтты. Маалыматты Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков да ырастап, эгер, долбоор экинчи окууда кабыл алынса аны аткаруу Ички иштер министрлигине (ИИМ) жүктөлөрүн билдирди. Ага ылайык, министрлик түшкөн арыз боюнча протокол түзүп, сотко жиберет.
Тармактык комитет мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алып, парламенттин кароосуна жөнөттү.
"Укук бузуулар жөнүндө" кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган. Анда мыйзамды аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөнү айтылган.
Долбоордо жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттарда жана алардын социалдык тармактардагы баракчасында фейк маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталган. 17-августта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитети аны биринчи окууда карап, колдоп беришкен.
2021-жылы Кыргызстанда "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле редакциянын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.
Автор: Боромбаев Максат > 128 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat