БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жалил Сапаров: Кыргызстан улуттук көз карандысыз маалымат мейкиндигин түзө албай келет
Журналист Жалил Сапаров менен улуттук маалымат саясаты, Кыргызстанга болгон тышкы пропаганданын таасири боюнча маектештик.
- Пропаганда деген эмне жана өткөн мезгилдеги пропаганданы азыркы дүйнөдө болуп жаткан окуялар менен салыштырууга болобу?
- Тарыхый экскурсия жасаса болот да. Мисалы, пропаганда деген өзү эмне? Муну латын тилинен которгондо "жайылтуу" дегенди билдирет. Илгерки жамааттык коомдордон бери эле уруунун аксакалдары өзүнүн жамаатын жакшы тарапка жетелеш үчүн ар кандай маалыматты жайылтуу иштерин жүргүзгөн. "Мындай бололу, тигиндей бололу, бул жака баралы" деп өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууда дагы маалыматтык колдоо болуп келген иш. Кийин массалык маалымат каражаттары (ММК) пайда болду. 1409-жылы биринчи газета пайда болду деп жатабыз. Андан мурда да болсо керек. Бизге тарыхтан бергилүү болгону ошол. Ошол кезде деле газета коммерциялык негизде прагматикалык түшүнүктүн негизинде пайда болгон. Соодагерлер менен кардарлардын өз ара байланышын түзүү үчүн газета пайда болгон. Кийин акырын акырын коомчулукка кеңири тарагандан соң ошол кездеги Италиядагы же ошонун жака белиндеги мамлекеттердеги клерикалдык бийликтер менен феодалдык саясий чөйрөлөр буларды өз кызыкчылыгына пайдалана башташкан. Феодалдар да бири-бири менен касташкан, достошкон. Клерикалдык бийликтер болсо бардыгын өздөрүнүн карамагында кармап тургусу келген. Алардын саясий мүдөөлөрү өтө күчтүү болгон. Анан ошол максатта маалымат таркатуу мейкиндигин баш ийдирип алышкан. Акырын өркүндөп келип туруп, 19-кылымга келгенде абдан күч алып кеткен.
Ошол кезде ММКнын өкүлдөрү чогулуп алып, "Журналисттик этикалык кодексти" иштеп чыгууга мажбур болушкан. Алар коомдогу ошол кездеги жалган маалыматтарды, пропаганданы ооздукташ үчүн чындыкты негизги миссия катары тандап алышкан. Бирок 20-кылымдын башында чоң идеологиялык курал катары келип чыкты. Биринчи дүйнөлүк согуштун келип чыгуусуна дагы пропаганданын ролу абдан чоң болгон. Маалымат таркатуу аркылуу арам ойлуу саясатчылар элди, коомчулукту ошол нерсеге даярдап, алып келген. Андан кийин Биринчи дүйнөлүк согуш болуп жатпайбы. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин пропаганда дагы да күч алган. Биринчи дүйнөлүк согуш менен экинчи дүйнөлүк согуштун ортосунда пропаганда аябай катуу күчөгөн. Улуттук артыкчылык дегенди пропаганда кылып отурушуп, 30-жылдары улутчул социалисттер келип чыккан. Алар бийликке келди. Анан Экинчи дүйнөлүк согуш болуп жатат. Ошону менен жүрүп отуруп бүгүнкү күндө пропаганда өзүнүн чегине жетти. Ошентип, пропаганда континенттик идеологиянын, ар кандай саясий системалардын, цивилизациялардын, диний конфессиялардын ортосундагы күрөштүн негизги каражаты катары колдонулуп калды. Пропаганда тынчтыкка жетишүүнүн жана адамзаттын өнүгүшүүнүн куралы эмес, тескерисинче, "бузуку", "бөлүп сал да, башкара бер" деген чоң идеанын куралы болуп калды. Ал эми бүгүнкү күндө жалган маалыматтар, фейктер абдан күчөдү. Бүгүнкү күндө БУУ сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдар дезинформацияга жана жалган маалыматтарды таратууга каршы күрөшүү маселесин өздөрү көтөрүп чыгууга аргасыз болуп жатышат.
- Пропаганда бүгүнкү күндө жалган маалыматты таратуунун негизги куралдарынын бириби?
- Маалымат таркатуунун технологиясы күчөгөн сайын пропаганда да ошончолук күчөп жатат. Илгери маалымат таратуунун жападан жалгыз булагы мыйзамдуу иштеп, мамлекет тарабынан да, коом тарабынан да таанылган расмий маалымат каражаттары болчу. Алар мыйзамдардын, этикалык кодекстин негизинде иштешкен, алардын өз милдеттери, өз укуктары болгон. Бүгүнкү күндө ар бир смартфон колдонуучу маалымат таратуучу болуп саналат. Мына ушундай кезде пропагандисттер, идеологияны жүргүзүп жаткандар, диний конфессиялардын, континенттердин ортосундагы кагылышууларга, цивилизациялар ортосундагы күрөшкө аралашкан адамдар, ар кандай баалуулуктар ортосундагы, айталы, диктатура менен демократиянын ортосундагы күрөшкө аралашкан адамдар, үгүтчүлөр, идеологдор пропаганданы жаңы деңгээлге көтөрүштү. Ошондон улам эл кайда чындык менен жалганды, кай жерде жакшы менен жаманды, кай жерде ак менен караны ажырата албай калды. Баары аралашып кетти.
- Кыргызстанда улуттук идеологияны өнүктүрүүгө эмне тоскоол болууда?
-Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өзүбүздүн улуттук көз карандысыз маалымат мейкиндигин түзө албай келебиз. Бүгүнкү күндө бизде улуттук көз карандысыз маалымат мейкиндиги жок деп ишенимдүү айта алабыз. Биз тышкы маалыматтык пропаганданын үстөмдүгүнүн алдында калдык. Маселен, кечээ эле биздин өлкөнүн түштүгүндө элдин баары өзбек телеканалдарын көрүп, ошону менен алардын маданияты, идеологиясы менен жашап атабы деп айтканбыз. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбыздан алыс болуп калдык деп ыйлаганбыз. Жана ошол эле учурда биз орусиялык маалымат каражаттарынын артыкчылыгын сезип турабыз. Азыр дагы болуп жатат. Бирок ошого каршы бир да чара көрбөй, аракет кылбай жатабыз. Мен ушинтип эле айтат элем. Мисалы, 2004-жылы коңшуларыбыз Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан өздөрүнүн маалыматтык коопсуздук концепциясын кабыл алышкан. Ушул күнгө чейин биз эч нерсени кабыл ала элекпиз. Бүгүнкү күндө бизде улуттук маалыматтык саясат деген концепция жок. Эмнеге каршы күрөшүшүбүз керек, маалыматтык саясатыбыз кандай болушу керек, кайсы баалуулуктарды приоритет катары сакташыбыз керек жана эмнеден иммунитетибиз керек? Бул суроолорго жооп жок. Кыргызстан чыныгы эгемендүү мамлекет болушун кааласак, анда биринчи кезекте өзүбүздүн улуттук маалымат мейкиндигинин эркиндиги болушу керек. Эгерде биздин маалымат талаасыбызда артыкчылык башка "актерлорго" берилген болсо, биз маалымат талаабызды башкаларга башкартып, ошолордун таасирине берип койгон болсок, анда биз эч кандай көз карандысыздык жөнүндө ойлонууга акыбыз жок.
- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандарына тышкы үгүттүн таасири кандай деңгээлде?
Менин жеке байкоом боюнча, калкыбыздын көбү орусиялык пропагандага кабылышат. Эмне үчүн мындай? Булар советтик идеологиянын калдыктары. Ал эми Орусия эски советтик системанын шартында ишин улантууда. Баягы эле маалыматтарды чектөө, баягы эле пропаганда, улуттук артыкчылык "Силерди биз адам кылдык, биз болбосок, силер мал кайтарып жүргөнсүңөр" деп айтышат. "Октябрь революциясынан кийин биз адам болдук, ага чейин биз мал катары жүргөнбүз" – бул түшүнүк азыр да бар. Мындан кутулуу үчүн өзүбүздүн улуттук маалыматтык саясат концепциясы болушу керек. Ал эми бул биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга негизделиши керек эле. Биздин өлкөдө диктатура менен демократиянын күрөшү дагы эле уланып жатат. Ушундай эле күрөш Орусия менен Батыштын ортосунда жүрүүдө. Бирок биздин улуттук баалуулуктарыбыз кайда? Кайда? Алар жок. Бир жагынан "демократиялык баалуулуктар, адам укуктары, сөз эркиндиги" деп кыйкырып жатабыз. Ошол эле учурда экинчи тарапта таптакыр башка нерсе жөнүндө кыйкырып жатышат: "Токто, биз Орусиясыз жашай албайбыз, бизге алар керек, бизге жардам беришет. Ал жерде миллиондогон элибиз иштеп атат, алар кайтып келсе биз тополоң болуп кетебиз" дешет. Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн жардамсыз эле өсүп жатышат? Алардын өз максаттары бар, өз көз карашы бар улуттук кызыкчылыкка негизделген маалымат мейкиндиги бар. Анан эмне үчүн өзүбүздүн маалымат саясатыбызды түзө албайбыз? Бул трагедиянын тамыры ушунда. Мына эми 21-кылымдын 2023-жылында биз дагы эле ошондон кутула албай жатабыз.
- Чынында эле Кыргызстанда чет мамлекеттик үгүттүн таасирин четке кагуу мүмкүн эмеспи?
- Учурда дүйнөдө диктатура менен демократиянын ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Буга Украинадагы кырдаал, Жакынкы Чыгыш мисал. Ал эми бүгүн бүткүл дүйнөдө: "Ким жеңет? Демократиябы же диктатурабы?" деген суроо бар. Жалпысынан алганда ушул эле күрөш болуп жатат. Кайсы мамлекеттер кайсы баалуулуктарды карманып, кандай жашап жатканын жакшылап карап чыгышыбыз зарыл. Ал эми кайсы баалуулуктарды карманган кайсы мамлекеттердин келечеги жаркын жана айкын болуп жатканын байкашыбыз керек. Албетте, биз тарыхты карап, болгон окуялардын баарын талдап чыгышыбыз керек. Андан соң келечекке көз жүгүрткөн оң. Ал эми бүгүнкү күндө бизде Кыргызстанда "демократиялык коомдо жашап, башкалардын укугун сыйлашыбыз керек" деген көз караштагы адамдар аз. Эмне үчүн андай адамдар аз? Анткени СССРден калган Коммунисттик партиянын эски идеология кайра жанданып, ал күчөнүп, бизге катуу таасир берип бизди капастан чыгарбай жатканы ачык нерсе. Биздин чыгышыбыз менен түндүк-батыш тараптагы эки чоң держава өздөрүнүн чеңгелинен чыгаргысы келбей жатат. Кептин баары ушунда.
- Эбегейсиз чоң каражаттар бөлүнгөн биздин улуттук маалымат саясатыбызды кандай баалайсыз?
- Бүгүнкү күндө мамлекеттик маалымат саясаты жана маалыматтык саясатты ишке ашыруучу маалымат булактары биздин улуттук көз карандысыз маалымат мейкиндигин камсыз кыла албай калды. Кылган жок. Маселен, Монголия 2004-жылы бардык мамлекеттик маалымат булактарын жоюп салган. Ал жерде эркин маалымат мейкиндиги бар. Бирок ал улуттук маалыматтык саясатты жок деген сөз эмес. Мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөсө, анда мамлекеттик маалымат саясаты жүргүзүлбөйт дегенди билдирбейт. Бул туура эмес өкүм. Американы, Европаны, Түштүк Азия өлкөлөрүн алалы, ал жакта мамлекеттик маалымат каражаттары барбы? Жок, алар жок. Бирок аларда мамлекеттик улуттук маалымат саясаты аябай күчтүү. Мына ушуларды айтышыбыз керек. Бизде эски түшүнүк бар. Мамлекеттик маалымат каражаттары деген улуттук кызыкчылыкты коргоп жатабы же улам бийликке келгендердин кызыкчылыгын коргоп жатабы? Муну айырмалашыбыз керек. Бирок тилекке каршы, бизде критикалык ой жүгүртүү өнүкпөгөндүктөн муну жасай албай жатабыз.
Маектешкен: Нурлан Адаев
Автор: Т-Медиа > 375 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat