БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Эл кубалаганга жеткирбеш керек эле". Президент Акаевдин кетирген кемчиликтерин санады

"Эл кубалаганга жеткирбеш керек эле". Президент Акаевдин кетирген кемчиликтерин санады

Сүрөт: "Кабар"/ Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда " Кабар" маалымат агенттигине экс-премьер-министр Апас Жумагулов, экс-президент Аскар Акаев жана учурда өзү жүргүзүп жаткан бийлик жөнүндө маек берди. 

Анда журналист Апас Жумагуловдун "Ынтымак Ордого" портретинин илиниши боюнча суроо узаткан. Мамлекет башчы аны СССР ыдырап Кыргызстан жаңы түптөлө баштаганда Аскар Акаев жетектеген бийликте премьер-министрлик кызматын аркалап, эриш-аркак жаңы мамлекетти түзүүгө салымын кошконун белгиледи.

"Ал мезгилде жаңы баш мыйзам жана ага ылайык мыйзамдар кабыл алынган, өзүбүздүн сомубуз жүгүртүүгө берилген. Азыркыга чейин күчүн жоготпой турат. СССР тарай электе Кыргыз CCРнин өзүнүн мамлекеттик тили болуш керек деп Кыргыз тил мыйзамын киргизишкен. Мамлекетибиз дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирген жана башка дагы бир далай жакшы иштерди жасашкан. Мунун баарын азыркы жаш муун билбей калды. Орто жаштан жогоркулардын баары билишет".

Мындан сырткары Жапаров Кыргызстанда Конституция алмашкандан кийин өлкөдө бийликтин, президенттин жоопкерчилиги күчөтүлгөнүн айтты.

"Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда. Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет. Көп суур ийин казбайт дегендей жоопкерчилик бир кишинин мойнунда болбосо болбойт экен. Анархия болуп мамлекетибиз чачырап кете жаздады".

Ал эми мурдагы президент Аскар Акаев боюнча Кыргызстанды түптөөдө салымы чоң экенин белгилеп, бирок приватташтыруу, айыл чарба тармагында бир топ кемчилик кетиргенин айткан.

"Ошондуктан Аскар Акаев эл кубалаганга жеткирбей кетип калганда, эң биринчи Аскар Акаевдин портрети тунгуч жана экс президент катары бардык жактарда илинип турмак. Мына кечээ (ред- 25-сентябрь) Жогорку Кеңеш да экс-президент макамын берүүдөн баш тартып коюптур. Ошондуктан баарыбыз өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек.Мен дагы бир жолу кайталайм. 99 жолу жакшы иштерди жасап, бир жолу жаңылсаң эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен".

Эске салсак, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз четке какты. Анын Жогорку Кеңешке макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени 5-сентябрда маалым болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенттеринин ичинен "экс-президент" деген расмий макам Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо гана бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев "экс" макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

Автор: Осмонова Айдана > 646 статей