БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапаров ӨКМге тик учак тапшырып, Орусиянын министрин «Даңк» ордени менен сыйлады

Жапаров ӨКМге тик учак тапшырып, Орусиянын министрин «Даңк» ордени менен сыйлады

Сүрөт-Президентинин сайтынан

17-октябрда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине МИ-8МТВ 1 тик учагын тапшырды. Өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, аталган техника адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын тез жардам көрсөтүүсүн камсыздоону максат кылат. 



Тик учак бейтаптарга ыңгайлашкан жана 12 замбилдерди жана тиешелүү медициналык жабдууларды орнотуу үчүн түйүндөр бар. Мындан тышкары 24 кишилик бүктөлүүчү отургучтары бар. Катаал аба ырайында дагы аэродром жана даярдыгы жок аянттардан күнү-түнү учуп-коно алат. Техниканы Орусия өкмөтү Кыргызстанга жардам иретинде берген. Баасы 12 миллион доллардан ашуун.

«Бул гуманитардык долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын март айында биринчи этапта Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40 даана өрт өчүрүүчү автоцистерналар берилген. Алар биздин өрткө каршы кызматыбызды кыйла бекемдеди жана азыркы учурда өрттү өчүрүүдө, авариялардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда ийгиликтүү колдонулууда. МИ-8 эң заманбап авиациялык талаптарга жооп берет, издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган. Бул өлкөнүн ӨКМнин алдында турган милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн абдан зарыл», - деп белгилеген Жапаров. 

 

Соңунда Садыр Жапаров Орусиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренковго «Даңк» орденин тапшырды. Президенттин басма сөз кызматы Куренковго бул сыйлык эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча активдүү иши үчүн берилгенин кошумчалады.

Былтыр октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар жана 150 мобилдик үйлөр тапшырылган. Президент бул техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен 384 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген.

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей