БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапаров кыргызстандыктарды ар бир жарандын укуктарын бекемдөөгө биргелешип иштөөгө чакырды

Жапаров кыргызстандыктарды ар бир жарандын укуктарын бекемдөөгө биргелешип иштөөгө чакырды

Сүрөт: президенттин сайтынан алынды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктады. Мамлекет башчы Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери ар бир жаранды коргоого умтулуу максатын аныктаган бул негизги документтин катышуучусу болуп саналарын белгилеген. 

Жапаров Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык коомчулуктун жооптуу катышуучусу катары декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын айткан. 

"Адам укуктарынын жалпы декларациясы ар бир адамдын кадыр-баркын жана эркиндигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон принциптерди камтыган алгачкы универсалдуу документке айланды. Кыргызстандын ар бир жараны өзүнүн укуктары корголгондугун, мамлекеттин адам укуктары жаатындагы жогорку стандарттарды сактоого умтулгандыгын сезе алгыдай болушу кажет. Жалпы кыргызстандыктарды ар бир жарандын укуктары менен эркиндигин урматтоону бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө чакырам", — деп жазылган Жапаровдун куттуктоосунда.

Кыргызстан 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулган жана уюмдун алкагында адам укуктарына тиешелүү эл аралык бир нече келишимдерди ратификациялаган.

Автор: Т-Медиа > 355 статей