БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапаров кыргызстандыктарды жеңиш күнү менен куттуктады

Жапаров кыргызстандыктарды  жеңиш күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров

Кыргызстандыктардын эрдигин белгилеген президент Садыр Жапаров 9-майда эл журтту Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнү менен куттуктады. 

"Биз жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибизди эч качан унутпайбыз! Улуу жеңишке жетүүдө кыргызстандыктардын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз. 150 миңден ашуун командирлер жана жоокерлер фашисттик баскынчылардын мизин кайтаргандагы баатырдыгы жана каармандыгы үчүн орден-медалдар менен сыйланганын, алардын арасында "Даңк" орденинин толук кавалерлери болгонун, жетимиштен ашуунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылганын жыл сайын сыймыктануу менен белгилеп келебиз", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекет башчы фашисттик баскынчыларга каршы согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя экенин, дээрлик төрт жылга созулган согуштан кийинки жеңиштин келишине Кыргызстан да зор салым кошконун билдирди.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей