БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров митинг боло берсе, базарларга тышкы башкаруу кирерин билдирди

Президент Жапаров митинг боло берсе, базарларга тышкы башкаруу кирерин билдирди

Сүрөт: "Кабар"

"Эгер, улам үндөп митинг кыла беришсе, өкмөттүн атынан "Кумтөрдөй" кылып тышкы башкаруу киргизебиз". Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда Көзөмөл-кассалык машиналардын (ККМ) ишке киргизилишине байланыштуу "Кабар" агенттигине маек берип жатып билдирди. 

"Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга өкмөттүн атынан "Кумтөргө" тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз. Мурдакыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп атам. Анткени баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим. Мыйзамдын негизинде легализация кылып алышсын деп соодагер-бизнесмендерге эле эмес, мурдакы чиновниктерге, азыркы чиновниктерге, дегеле мүлктөрү башка бирөөлөргө катталган элдин баары үчүн мыйзам да кабыл алып бердик", -дейт президент.

Өлкө башчы маегинде үчүнчү күчтөр тууралуу, соодагерлердин дооматтары, ККМ аппарты, патент жөнүндө да айткан. Ага ылайык, базарларда мамлекет эмес, базар ээлери шарт түзүп бериши керектигин белгилеген.

"Биз эми ошол байларга салык төлөтөлү, кедейлерди салыктан бошотолу, эң жок дегенде орто байларга теңелип алсын деп жатабыз", -деген Жапаров. 

Кыргызстанда 29-ноябрдан бери көпчүлүк ири базарлдарда соода кылгандар 1-январдан тарта жоюла турган патент системасын калтырууну талап кылып күн сайын митингге чыгып жатышат.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдогулар" менен жолугушууда базарларда иштегендерге 2024-жылдын 1-июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берилгенин билдирди. Ал жаңы салык эрежелерине Салык кызматы өзү даяр эмес экенин белгиледи.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей